« Кыш мезгилине сыйкыр кош! » промоакциясынын (мындан ары — «ПРОМОАКЦИЯ») РАСМИЙ ЭРЕЖЕЛЕРИ (мындан ары — «ЭРЕЖЕЛЕР»)

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР:

1.1. Бул Эрежелер Промоакцияны өткөрүүнүн мөөнөттөрүн, тартибин жана байгелерди алуу шарттарын аныктайт. Промоакция Уюштуруучунун товарларын сатууну өбөлгөлөөгө жана Керектөөчүлөрдү тартууга багытталган.

1.2. Бул Промоакция Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.

1.3. Бул Промоакция 2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 15-январына чейин (кошкондо) өткөрүлөт.

1.4. Уюштуруучу: «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК;

·       жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, 720027, Бишкек ш., Лущихин көч., 69;

·       ИНН 01207199510092;

 

2. БУЛ ЭРЕЖЕЛЕРДЕ КОЛДОНУЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

2.1. Утуштуу капкак — Промопродукциянын ички бетине «Белек» же «Аяз ата» деген жазуу түшүрүлгөн оригиналдуу пластик капкагы; бул Эрежелер сакталган учурда анын ээсине тиешелүү байгени алууга талапкер болуу укугун берет.

2.2. Утушсуз капкак — «Жаңы жыл» деген жазуусу бар, байге алууга укук бербеген Промопродукциянын оригиналдуу пластик капкагы.

2.3. Промоакциянын Жеңүүчүсү — Утуштуу капкакты тапкан, анын түп нускасын сактаган, Уюштуруучуга өз убагында кайрылган жана бул Эрежелердин бардык талаптарын аткарган Промоакциянын Катышуучусу.

2.4. Керектөөчү — Промопродукцияны ишкердик ишмердүүлүккө байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк, тиричилик же башка муктаждыктар үчүн гана сатып алууга ниеттенген, сатып алган же колдонгон жак.

2.5. Байге — Промоакциянын байге фондунда каралган жана тиешелүү Утуштуу капкактын түп нускасы көрсөтүлгөндө Жеңүүчүгө берилүүчү материалдык баалуулук.

2.6. Промоакциянын байге фонду — бул Эрежелерде каралган байгелердин жыйындысы. Байгелердин саны чектелүү.

2.7. Промопродукция — Промоакцияга катышкан, атайын этикеткалары жана пластик промокапкактары бар 2 литр көлөмүндөгү Coca‑Cola, Fanta жана Sprite суусундуктары.

2.8. Промоакциянын Катышуучусу — 18 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын резиденти болгон жана бул Эрежелерге ылайык Промоакцияга катышкан жеке жак.

 

3. ПРОМОПРОДУКЦИЯ ЖАНА ПРОМОКАПКАКТАР

3.1. Промоакцияга Уюштуруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же таратылган, атайын этикеткалары жана пластик промокапкактары бар 2 (эки) литр көлөмүндөгү «Coca‑Cola», «Fanta» жана «Sprite» суусундуктары катышат.

3.2. Ар бир промокапкактын ички бетинде төмөнкү жазуулардын бири жайгаштырылган: «Белек», «Аяз ата» же «Жаңы жыл».

3.3. «Белек» жана «Аяз ата» деген жазуусу бар капкактар Утуштуу капкактар болуп саналат. «Жаңы жыл» деген жазуусу бар капкак утуштуу эмес жана байге алууга укук бербейт.

3.4. «Белек» жана «Аяз ата» деген жазуусу бар Утуштуу капкактарда Уюштуруучу алардын аныктыгын текшерүү үчүн колдонгон уникалдуу коддор бар.

3.5. Промопродукциянын жана байгелердин саны чектелүү.

 

4. ПРОМОАКЦИЯГА КАТЫШУУ ШАРТТАРЫ

4.1. Промоакцияга катышуу үчүн ушул Эрежелердин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде Промопродукцияны сатып алып, промокапкакты ачуу керек.

4.2. Эгерде акциялык капкактын ички бетинде «Белек» же «Аяз ата» деген жазуу болсо, Катышуучу байгени алганга чейин утуштуу капкактын түпнускасын сактап калууга жана талабын каттатып, мындан аркы нускамаларды алуу үчүн 2027-жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен 2025 акысыз номерине байланышууга тийиш.

4.3. Кайрылууда Катышуучу кайрылууну каттоо жана анын байге алуу укугун текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды билдирет.

4.4. Уюштуруучу алдын ала текшерүү үчүн Катышуучудан Утуштуу капкактын сүрөтүн сурай алат. Утуштуу капкактын сүрөтүн берүү байгени алуу үчүн анын түп нускасын көрсөтүү зарылдыгын алмаштырбайт.

4.5. Бир оригиналдуу Утуштуу капкак бул Эрежелер сакталган жана байге фондунда тиешелүү байге бар болгон шартта тиешелүү категориядагы бир гана байгени алууга укук берет.

4.6. Байгени алуу үчүн Жеңүүчү Утуштуу капкактын түп нускасын, инсандыгын күбөлөндүргөн документти, ошондой эле байгени өткөрүп берүүнү тариздөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткаруу үчүн Уюштуруучуга объективдүү зарыл болгон башка маалыматтарды жана документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.

4.7. Байге берилгенден кийин тиешелүү Утуштуу капкак колдонулган деп эсептелет жана башка байгени алуу үчүн кайра көрсөтүлбөйт.

4.8. Бир Катышуучу көрсөтө ала турган Утуштуу капкактардын саны, ар бири оригиналдуу болуп, мурда колдонулбаган жана бул Эрежелердин талаптарына жооп берген шартта чектелбейт.

4.9. Промоакцияга төмөнкүлөр катыша албайт:

·         18 жашка толо элек адамдар;

·         Промоакциянын Уюштуруучусунун жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;

·         Кыргыз Республикасынын резиденти эмес адамдар.

 

5. УТУШТУ ЫРАСТОО ТАРТИБИ

5.1. 2025 номерине кайрылуу катталгандан кийин Уюштуруучунун өкүлү Катышуучуга Утуштуу капкактын түп нускасын көрсөтүүнүн тартибин жана ордун билдирет.

5.2. Утушту ырастоо үчүн Катышуучу Уюштуруучуга тиешелүү Утуштуу капкактын түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү.

5.3. Утуштуу капкак оригиналдуу, жазуусу жана уникалдуу коду даана окулуучу болуп, өзгөртүүнүн, жасалмалоонун же кайра колдонуунун белгилерин камтыбоого тийиш. Эгер Уюштуруучу анын аныктыгын, тиешелүү жазуусун жана уникалдуу кодун ишенимдүү аныктай алса, капкактын бузулушу өзүнөн өзү байге берүүдөн баш тартууга негиз болбойт.

5.4. Уюштуруучу Утуштуу капкактын уникалдуу кодун Промоакциянын алкагында даярдалган жана чыгарылган промокапкактар тууралуу маалыматка шайкештиги боюнча текшерүүгө укуктуу.

5.5. Уюштуруучу Утуштуу капкак жасалмаланганы, өзгөртүлгөнү же кайра көрсөтүлгөнү аныкталса, же анын аныктыгын ырастоо мүмкүн болбосо, байге берүүдөн баш тартууга укуктуу.

 

6. БАЙГЕ ФОНДУ ЖАНА БАЙГЕЛЕРДИ БӨЛҮШТҮРҮҮ

6.1. «Белек» деген жазуусу бар Утуштуу капкакты көрсөткөн Жеңүүчү бар болгон байгелерден бирин тандай алат: Xiaomi аэрогрили же манты казан.

6.2. «Аяз ата» деген жазуусу бар Утуштуу капкакты көрсөткөн Жеңүүчү бар болгон байгелерден бирин тандай алат: диаметри 22 см казан, бешбармак табагы, көмөч казан же көлөмү 4,9 л казан.

6.3. Жеңүүчү тандаган байгенин түрү жок болсо, ага тиешелүү категориядагы башка жеткиликтүү байгени тандоо сунушталат. Эгер тиешелүү категориядагы байгенин бир гана түрү калса, Жеңүүчүгө ошол байге берилет.

6.4. Жок болгон байге түрүн резервге коюуга, анын келишин күтүүгө, акчалай эквивалент төлөөгө же алынган байгени Жеңүүчүнүн демилгеси менен алмаштырууга жол берилбейт.

6.5. Байгелердин саны чектелүү. Байгелер Утуштуу капкактардын аныктыгы ырасталган кезек боюнча, байге фондунун тиешелүү категориясы толук түгөнгөнгө чейин берилет.

6.6. Байгени алууда Жеңүүчү байгени кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына жана колдонулуучу мыйзамдарга ылайык таризделиши зарыл болгон башка документтерге кол коёт.

6.7. Жеңүүчү байгени Промоакция аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок 2027-жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен алып кетүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин Жеңүүчүнүн байге алуу укугу жокко чыгарылат, ал эми талап кылынбаган байге Уюштуруучунун карамагында калат.

6.8. Жеткирүүчүдө товар жок болсо же Уюштуруучуга көз каранды болбогон башка жагдайларда Уюштуруучу байгени наркы, функционалы жана/же керектөө касиеттери боюнча окшош байгеге алмаштырууга укуктуу. Байгелердин сырткы көрүнүшү жана комплектациясы Промоакциянын жарнамалык материалдарындагы сүрөттөрдөн айырмаланышы мүмкүн.

6.9. Промоакциянын байге фонду:

Капкактын алдындагы жазуу

Байге

Саны, даана

«Белек»

Xiaomi аэрогрили

150

Манты казан

300

«Аяз ата»

Диаметри 22 см казан

600

Бешбармак табагы

600

Көмөч казан

600

Көлөмү 4,9 л казан

600

«Жаңы жыл»

Байге каралган эмес

—

Байгелердин жалпы саны

2 850

6.10. Байгелерге салык салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

7. КОШУМЧА ШАРТТАР

7.1. Уюштуруучу Утуштуу капкакка менчик укугу боюнча үчүнчү жактардын ортосундагы талаштар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

7.2. Уюштуруучуга Утуштуу капкактын түп нускасын көрсөтүп, бул Эрежелерге ылайык текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн жак ошол Утуштуу капкактын ээси болуп эсептелет.

7.3. Уюштуруучу байге алуу үчүн Катышуучудан банк картасынын номерин, CVV/CVC-кодун, сырсөздү, SMS-кодду билдирүүнү же акча которууну талап кылбайт. Мындай маалыматтарды үчүнчү жактарга бергени үчүн Катышуучу өзү жооп берет.

 

8. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

8.1. Уюштуруучу Промоакция өткөрүлүп жаткан мезгилде аны жокко чыгарууга, токтото турууга же мөөнөтүн өзгөртүүгө, анын ичинде бул Эрежелерге бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

8.2. Уюштуруучу Промоакциянын жокко чыгарылышы, токтотулушу, узартылышы же шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө Катышуучуларга www.coca-cola.com/kg/ru сайтында жана/же башка жеткиликтүү ыкма менен маалымат жайгаштыруу аркылуу билдирет.

8.3. Эгер бул Эрежелерде каралган милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылбай калышы Уюштуруучу алдын ала көрө албаган же акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган форс-мажордук жагдайлардын кесепети болсо, Уюштуруучу жоопкерчиликтен бошотулат.

Форс-мажордук жагдайларга, атап айтканда, табигый кырсыктар, өрт, жер титирөө, суу ташкыны, жарылуу, эпидемиялар, пандемиялар, согуш же аскердик аракеттер, массалык баш аламандыктар, ошондой эле мамлекеттик органдардын бул Эрежелерде каралган милдеттенмелерди аткарууга мүмкүн болбой турган чечимдерди же актыларды кабыл алышы кирет.

8.4. Утуштуу капкакты тапкан Катышуучу 2025 акысыз номери аркылуу Уюштуруучуга өзү кайрылат.

8.5. Уюштуруучу Катышуучунун 2025 акысыз номерине Уюштуруучуга көз каранды болбогон себептерден, анын ичинде байланыш тармактарындагы үзгүлтүктөрдөн, байланыштын жоктугунан же Катышуучунун түзмөгүнүн бузулушунан улам кайрыла албай калгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Катышуучу бул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн номерге кайра кайрыла алат.

 

9. «КОКА-КОЛА» КОМПАНИЯСЫНЫН ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕРИ

9.1. Бул Промоакциянын Эрежелериндеги эч нерсе Промоакциянын Катышуучусуна жогоруда көрсөтүлгөн «Кока-Кола Компани» («The Coca‑Cola Company») товардык белгилерин колдонуу аркылуу ээлик кылуу же пайда табуу укугун берүү катары чечмеленбеши керек. Промоакциянын Эрежелеринин жоболору да, Промоакцияга катышуу да Катышуучуга «Кока-Кола» («Coca‑Cola») компаниясынын жана Уюштуруучунун аталышын, логотибин, товардык белгилерин же автордук укуктарын маркетингдик, жарнамалык же Промоакцияга тиешеси жок башка максаттарда «Кока-Кола Компани» («The Coca‑Cola Company») компаниясынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз колдонууга же эскерүүгө укук бербейт. Катышуучу «Кока-Кола Компани» товардык белгилеринин жарактуулугун же аларга «Кока-Кола Компани» компаниясынын менчик укугун тааныйт жана эч качан шек келтирбейт.

9.2. Катышуучу «Кока-Кола» («Coca‑Cola») компаниясынын товардык белгиге болгон укуктары жөнүндө жоболорду бузган учурда, Уюштуруучу талап кылууга укуктуу, ал эми Катышуучу Уюштуруучунун биринчи талабы боюнча мындай бузуунун натыйжасында Уюштуруучу жана/же «Кока-Кола» компаниясы жана/же башка аймакта иштеген, «Кока-Кола» компаниясынын товардык белгилери бар товарлардын ыйгарым укуктуу өндүрүүчүсү жана/же дистрибьютору тарткан бардык чыгымдарды төлөп берет.

9.3. Промоакциянын Эрежелеринин бул бөлүмү Промоакция аяктагандан кийин да күчүндө болот.

 

10. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ

10.1. Промоакцияны өткөрүүгө, ага катышууга жана/же байгелерди берүүгө байланыштуу бардык талаштар менен пикир келишпестиктерди тараптар сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга умтулушат.

10.2. Талашты сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Уюштуруучу жайгашкан жердеги сотто каралат.

10.3. Промоакцияны өткөрүүгө жана байгелерди берүүгө байланыштуу талаптар Уюштуруучу тарабынан ушул Эрежелердин 6.7-пунктунда белгиленген байгелерди берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде кабыл алынат жана ушул Эрежелердин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн Уюштуруучунун жайгашкан дарегине жана/же электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.

10.4. Келип түшкөн талаптар Уюштуруучу тарабынан алынган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каралат.

10.5. Бул Эрежелер менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча Уюштуруучу жана Промоакциянын Катышуучулары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

 

11. КОШУМЧА ЖОБОЛОР

11.1. Бул Промоакциянын Эрежелери www.coca-cola.com/kg/ru сайтында жайгаштырылган. Промоакция тууралуу кошумча маалыматты 2025 акысыз номери аркылуу алууга болот.

11.2. Промоакцияга катышуу менен Катышуучу бул Эрежелер менен таанышканын, алардын мазмунун түшүнгөнүн, аларда белгиленген шарттарды кабыл алганын жана аларды сактоого милдеттенгенин ырастайт.

11.3. Промоакцияга катышуу менен Катышуучу Уюштуруучунун анын төмөнкү жеке маалыматтарын чогултуусуна, сактоосуна жана иштетүүсүнө макулдугун берет: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, байланыш телефону, катталган жана иш жүзүндө жашаган дареги, электрондук почта дареги, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү, ПИН (жеке идентификациялык номер инсандыгын күбөлөндүргөн документте көрсөтүлөт).

11.4. Промоакцияга катышуу менен Катышуучу байгени тапшыруу учурунда фото жана видео тартууга, ошондой эле кийин анын сүрөтүн акциянын Уюштуруучусунун кароосу боюнча жарнамалык жана маркетингдик максаттарда колдонууга макулдугун берет.

11.5. Жеңүүчү аны идентификациялоо, байгени берүүнү тариздөө жана/же Уюштуруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруусу үчүн объективдүү зарыл болгон жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартса, Уюштуруучу байге берүүдөн баш тартууга укуктуу.

«Coca‑Cola», «Fanta», «Sprite», контурдук бөтөлкө жана динамикалык толкун — «The Coca‑Cola Company» («Кока-Кола Компани») компаниясынын катталган товардык белгилери. Товар сертификатталган.